Көп балалуу энелердин эмгегин мамлекет эске албай атат

  30.04.13   09:35
 352

"Кыргызстан эгемендигин алгандан кийин 7 баланы төрөп, тарбиялаган үй-бүлөлөр көп балалуу деп эсептелет. Советтер союзу учурунда 10 баланы төрөп тарбиялагандар гана көп балалуу үй-бүлө деп саналчу", - дейт "Көп балалуу эне" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Эрке Баялы.

"Бирок, ардактуу наамды алуу үчүн жана пенсияга 1 000 сом коштуруу оңой-олтоң иш эмес. Мына бир канча жылдан бери ушундай үй-бүлөлөрдү аныктоо үчүн тастыктоочу документтерди чогултуп атабыз",- дейт ал.

Анын айтымында, мындай наамды алууга талапкерлердин арасында 80 жаштан ашып калган апалар бар. Алар өз убагында каттоого алынбай калган. Себеби ошол убактагы мыйзам боюнча 10 баласы болушу керек болсо, алардын 7 гана баласы болгон.

"Азыр кезек күткөндөрдүн саны көп. Аялдарды чакан топторго бөлүп, "Баатыр эне" медалын берүү үчүн өкмөткө чакырышууда. Алардын бардыгы качан алат жана кимдер татыктуу?- белгисиз бойдон калууда. Кезек аз-аздан гана алдыга жылууда", -дейт Эрке Баялы.

"Көп балалуу эне" кайрымдуулук фондунун жетекчиси көп балалуу үй-бүлөлөрдүн эч кандай жеңилдиктери калбай калганын кошумчалады. Көпчүлүгүнүн жеке турак жайы да жок,- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223369

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.