Парагвайдын президенти айлыктан баш тартты

  30.04.13   09:52
 185

Парагвайдын жаңы шайланган президенти Орасио Картес (Horacio Cartes) өз маянасынан баш тартты. Бул тууралуу 29-апрелде La Nacion басылмасы билдирди.

Картес өзүнүн айлыгын үй-жайсыз балдар менен катуу ооруга чалдыккандарга бере турганын айтты. Мамлекет башчы эгер ага берилчү акча чындап эле муктаж болгон адамдарга жетсе, ал өзүн абдан бактылуу сезерин билдирди.

56 жаштагы Орасио Картес 21-апрелде президенттикке шайланган. Картес Парагвайдын эң бай адамдарынын бири. Анын 25дей ири компаниясы бар. Алардын көбү тамеки, суусундук жана азык-түлүк товарларын чыгарат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223370

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.