Ырчы Айбек Бакытбеков Кыргызстандын атынан Юрмаладагы "Жаңы толкунга" катышат

"Жаңы толкун" сынагы Бакытбеков үчүн алгачкы эл аралык сынак.
  30.04.13   10:01
 455

"Жаш ырчы Айбек Бакытбеков "Жаңы толкун-2013" популярдуу музыканын жаш аткаруучуларынын эл аралык сынагында Кыргызстандын атынан чыгат", - деп көптөн үмүттөндүргөн ырчынын продюссери Дана Абдыбекова билдирди.

21-22 апрелде Москва шаарында "Жаңы толкун-2013" сынагынын жарым финалы болуп өттү. Ага Кыргызстандан 9 ырчы катышкан. Бирок, Бакытбеков гана финалга өтө алды.

"Жаңы толкун" сынагы Бакытбеков үчүн алгачкы эл аралык сынак. Айбекке чейин бул конкурска Кыргызстандан Омар, Арсен, Айбек Замиров жана Бек Исраиловдор катышышкан.

Конкурстун шартына ылайык, катышуучулар үч композиция аткарышы керек: дүйнөлүк хит, россиялык хит жана жергиликтүү популярдуу композиция. Айбек Бакытбеков Жорж Бенсор, Раймонд Паулс жана Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов менен Адиль Чекилов аткарган "Ыр майрам" ырларын тандады.

"Ушул жылы өтө турган сынак мурдакылардан айырмаланат. Мында шоу жана көрккө көбүрөөк көңүл бөлүнөт. Ошондой эле жылдыз менен дуэт ырдоо да планга киргизилген. Мен украинанын атактуу жылдызы Жамала менен бирге ырдайм. Ал да бир нече жыл мурун ушул сынактын жеңүүчүсү болуп чыккан", - деди Айбек Бакытбеков.

Учурда ырчы келээрки сынакка күжүрмөн даярдык көрүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223371

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.