Каракчылык фактысы менен Ала-Бука районунун эки жараны кармалды

  30.04.13   10:08
 559

25-апрелде Ала-Бука райондук ички иштер органына Биринчи Май айыл окуругунун тургуну арыз менен кайрылган. Анын берген маалыматына ылайык, 18-апрелде болжол менен саат 21:30дар чамасында 25-30 жаш курагындагы белгисиз үч адам "Ниссан" үлгүсүндөгү автоунаа менен ээн талаага алып барып 5 миң доллар талап кылышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басмасөз кызматынан билдиришти. Жабыр тарткан адамдын айтымында, анын андай көп суммадагы акчасы жок болгондуктан кылмышка шектелип жаткан адамдар анын 20 коюн козулары менен номерсиз "Хюндай-Портер" автоунаасына жүктөп, белгисиз багытка жөнөп кетишкен. Ошол эле күнү бул иш боюнча Ала-Бука районунун ичики иштер органдарынын иликтөө бөлүмү "Каракчылык" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Маалым болгондой, Жалал-Абад облустук ИИБнын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмү тарабынан кылмыш ишинин бети ачылып, 34 жана 22 жаштагы Ала-Бука районунун эки жараны шектүү делип колго түшүрүлгөн.Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223372

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.