Бүгүн Геология агенттигинин мурдагы төрагасы Учкунбек Ташбаевдин соту болот

  30.04.13   10:10
 350

Мурдагы Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору Учкунбек Ташбаевдин кылмыш ишин кароо Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 30-апрелине саат 09.00гө белгиленген. Бул тууралуу Жогорку соттун басмасөз кызматы маалымдады.

Эскерте кетсек, Ташбаев эки эпизод боюнча күнөөлөнүүдө. Ал 2012-жылы Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору кызматында иштеп турганда, ошол эле учурда кен иштетүү мекемелерине лицензияга уруксат берүү комиссиясынын төрагасы болгондуктан, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып эки мекемеге-"Unigue Resources Mining Company" жоопкерчилиги чектелген коомуна (Акчаңгыл-1, Көк-Жаңгак көмүр иштетүү) жана "Кутисай Майнинг" ("Куттуусай II"кен өндүрүү) ишканасынын лицензияларын мыйзамсыз узарткан деп айыпталууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223373

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.