"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

  30.04.13   10:17
 254

Кечээ, 29-апрелде, КРдин президенти Алмазбек Атамбаев "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу КРдин президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 14-мартында кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча талаптардын чектерин аныктап, финансылык отчетту түзүү жана ачып берүү: ачык кызыкчылыктын субьекттер үчүн – жогорулатылган жана орто жана чакан бизнес үчүн – жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин камтыйт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223374

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.