Кантип чыдап жашап жатасынар?

Журналисттик кесипти аркалап жүрүп ар кандай адамдарга жолугасың. Өтө ачуу тагдырлуу адамдарга да жолугасың. Чындык издеп чыркырагандарга жолугасың.
  30.04.13   10:46

Кубат Жусубалиевдин, кадимки Кубат акенин кызы Жамбы Жусубалиева Кыргызстандагы Америка университетинде философиядан сабак берет. Ошол Жамбы эже айтат "Менин бир студентим ушундай коррупцияга белчесинен баткан, чындык жок, акыйкат жок өлкөдө кантип чыдап жашап жатасыңар? деп суроо узатты. Жооп таппай кайсалай түштүм", - дейт.

Журналисттик кесипти аркалап жүрүп ар кандай адамдарга жолугасың. Өтө ачуу тагдырлуу адамдарга да жолугасың. Чындык издеп чыркырагандарга жолугасың. Боздогон энелерге жолугасың. Баарын жүрөгүңдүн тереңи менен сезесиң. Жон териң менен сезесиң.

Бир ирет жалгыз уулунан ажырап боздоп жүргөн эне менен маектештим. " Жалгыз уулум, кулунум борбор калаабыздагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алчу. Уулумду тайжесиникине калтырып, аз убакытка Россияга иштегени кеткем. Кетээримде баламды 25 миң сомго кийиндирип, жакшы телефон алып бердим. Жаркылдап жайнап, мени узатып калды. Арадан эки ай өткөндөн кийин балаң ооруп жатат кел деп чакырышты. Мени жапжашынакай узатып калбады беле, эмнеси ооруп жатат десем тактап айта алышпады. Тез үйгө учуп келдим. Келгенимде балам бир башкача маңыроодой болуп, бир чекитти тиктеп мени менен жөндөп дагы учурашпады. Уулумдун бул кебетесин көрүп денем дүркүрөй түштү. Сага эмне болду деп жалынып жалбарып сурасам да эч нерсе айтпады. Бир күнү дааратканага кирип кеткен. Көпкө кечиккенинен үстүнө кирип барсам өз заңын үстү-башына сыйпап олтуруптур. Ошондо буркурап, боздоп, бакырып, өкүрүп ыйладым. Сени бул ахыбалга ким алып келди. Ким эле ким деп кыйкырдым. Ошондо уулум эсине келгенсип, болгон окуяны айтып берди.

Өзү окуган окуу жайда эле окуган төрт баланын ысымын атады. Мен ошол күндөн тарта ал балдарды тактап чуркай баштадым. Башкаларга ар убак үстөмдүк көрсөтүп жүргөн, жалаң колунда бар адамдардын көпкөн балдары экен. Баламдын ахыбалы күндөн-күнгө начарлай баштады. Мээсине доо кеткен дешти. Эң кыйын деген нейрохирургдарга алып бардым. Көпкө узабай баламдан айрылып калдым. Күнөөлүүлөрдүн айыбы тагылды. Бирок өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп алар ушул күнгө чейин өз жазаларын алыша элек. Кирбеген эшигим калбады. Ушунчалык оор күйүткө чыдабай баардык тоскоолдука чыдап ошол кездин президенти Роза Отунбаевага чейин кирип, арманымды айттым. Жакшы кабыл алды. Жардамын берди. Бирок айланып келип эле чечүүчү минуталар келгенде акчага сугарылган соттор аларды актап жиберишти. Акыйкат жок, чындык жок жан-дүйнөм эңшерилет. Баламдын мунайым элеси кєз алдымдан эч кетпейт. Ичим ачышат. Жашоодо эч максатсыз тентиреп басып келем. Көрүнгөн чоңдун эшигин жыртам. Менин уулум томсоруп көр алдында жатат. Ууулумдун өлүмүнө себепкерлер болсо кыз жандап эч нерседен бейкапар... Баары далилденип турса да, такталып турса да чындыка жетпей келем. Акыйкаттыка жетпей келем. Колум созуп мына мына жеткендей болом. Бирок кайра шыпырылып калам" дейт сыздаган эне.

Азыркы кезде биздин эл дал ушул эненин абалындай. Ушул эне сымал канчалык аракеттенбесин чындыка, акыйкаттыка жетпей келет. 7-апрелде уулдарыбызды аткан адамдар арадан канча жыл узаса да жазаланбай келишет. Узака созулган соттун жыйынтыгы азыр чыкчудай эмес. Кумтор тууралуу эл канчалык чыркырабасын, айтпасын, бийликтегилер билгендерин жасаганы жасаган. Канчалагаган кыргыздын уулдарынын башын жуткан, колу канга малынган Азиз Батукаевди ардактуу адамды узаткандай узатып коюп, жооп бере тургандар эч нерсени билмексен, эки алган окуучудай ар кандай шылтоолорду айтып шыпшынышат. Мындай санап уланта берсен сан жетпес. Жогоруда студент суроо узаткандай анан ушундай коррупцияга баткан, акыйкат жок, чындык жок мамлекетте кантип чыдап жашап жатабыз. Баарына жооп берээр мезгил келет. Эртенки муунга эмне деп жооп беришет. Дал ошол студент айткандай айткылачы замандаштар: Кантип чыдап жашап жатасынар?

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223375

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.