Президент ШКУнун Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту

  30.04.13   10:28
 317

Кечээ, 29-апрелинде, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушууга КРДин Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Казакстандын президентинин жардамчысы-Коопсуздук кеңешинин катчысы Кайрат Кожамжаров, Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, коомдук коопсуздук министри Го Шэнкунь, Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Абдурахим Каххаров, Өзбекстан улуттук Коопсуздук кеңешинин катчысы Баходир Ташматов, ШКУнун башкы катчысы Дмитрий Мезенцев, ШКУ Регионалдык антитеррордук тузүмдүн аткаруу комитетинин директору Чжан Синьфэн катышты.

Мамлекет башчысы Бишкек саммитине даярдык көрүүдө биринчи кезекте коопсуздук маселелери эң маанилүү экендигине басым жасап, 2014-жылы Афганистандан аскерлерди чыгарууну кошо эске алганын белгиледи. "Регионалдык коопсуздук эң олуттуу маселе, ошондуктан ШКУнун ишмердигин оптималдаштыруу боюнча ойлонулган чараларды жана Коопсуздук кеңештердин катчыларынын натыйжалуу ишин талап кылат",- деди Алмазбек Атамбаев. Президент региондун өлкөлөрү күч-аракеттерин бириктирип гана коопсуздукту камсыз кылып, конфликттердин алдын ала алаарын белгиледи. "Ворух анклавындагы инцидент буга жакшы мисал боло алат. Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы менен Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысынын тыгыз иштешкендигинен улам маселе тез арада чечилди. Биз бардык маселелерди тез жана натыйжалуу чече алаарыбызды мезгил өзү көрсөтүп жатат. Келечекте чекараларды демаркациялоо жана делимитациялоо маселелерин дага кыска мөөнөттө чечсек жакшы болот эле. Жакын арада ШКУ мамлекеттеринин ортосунда мындай маселелер калбайт деп ойлойм",-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент сөзүнүн аягында мындай деп баса белгиледи: "Бардык саммиттер маанилүү маселелер боюнча консенсуска келиш максатында өткөрүлөт. Бишкекте өтө турган ШКУнун саммити бул жагынан конструктивдүү жана жемиштүү болот деп ойлойм".

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларына активдүү жана жемиштүү ишине ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223376

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.