"Ала-Тоо Периси-2013" деп Екатеринбург шаарындагы кыргыз кызы аталды

  30.04.13   10:23
 401

28-апрелде, Кожомкул атындагы Спорт ордосунда "Ала-Тоо Периси-2013" сынагынын суперфиналы болуп өттү. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынан билдиришти.

Биринчи этап Россиянын 15 шаарында өткөрүлүп, анда ар бир шаардан 1 кыз тандалган. Сынактын шарты боюнча селкилер улуттук-каада-салтын, тилин жана тарыхын билүү деңгээли боюнча акыл сынашты. Ошондой эле, бий аткарып, кооз улуттук кийимдерди тартуулап жаткан маалда ийкемдүүлүгүн, жана сулуулугун көрсөтүштү.

"Мисс Ала-Тоо Периси-2013" титулунун ээси, Екатеринбург шаарында турган Бегайым Токонова аталды. Ага баш байге – автоунаа "Мерседес-Бенц" ыйгарылды.

Экинчи жана үчүнчү орундарга татыктуу болгон сулуулар да БАЭ жана Анталияга жолдомолор менен сыйланышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223378

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.