Футбол учурунда Литванын коргоо министринин буту сынды

  30.04.13   11:05
 176

Литванын коргоо министри Юозис Олекас футбол оюну учурунда бутун сындырып алды. Бул тууралуу DELFI басылмасы маалымдады.

Кокустук 28-апрель күнү дарыгерлер менен депутаттардын футбол боюнча беттеши учурунда болгон. Бул турнирди Литванын футбол федерациясы Ромуальдас Лауринавичюстун жаркын элесине арнап уюштурган.

Маалыматка ылайык, коргоо министри депутаттардын командасында чабуулчу катары оюн көргөзгөн. Оюндун 8 мүнөтүндө Олекас чабуул жасап атканда, дарбазачысы топту тосом деп анын үстүнө жыгылгандыктан буту сынган. Ага карабастан министр гол киргизген.

Жарат алган министр ооруканага жеткирилген. Бул кокустуктан кийин оюнду уланып уланбаганы тууралуу маалымат жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223380

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.