Соцфонд: Айрым атуулдардын камсыздоо төлөмдөрү пенсияга дал келбейт

  30.04.13   10:48
 263

"Айылдык товар өндүрүүчүлөр өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын жарымын түзөт, бирок алардын айланасында талаш-тартыштар менен пикир келипештиктер абдан көп",- дейт Социалдык фонддун башкаруу төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев.

"Камсыздоо төлөмдөрүн алар абдан аз төлөшөт. Анткени дыйкандарга, фермерлерге жана чакан ишкерлерге Социалдык фонд тарабынан камсыздоо жыйымдарынын тарифи толук чечиле элек",- дейт мекеме башчысы.

Бирок анын айтымында, ошол айыл жергесиндеги улгайган эмгекчилер менен базардын сатуучуларына бир кыйла көп пенсия чектешет.

" Мындан ары Социалдык фонд көбүрөөк натыйжалуу механизмдерди иштеп чыкмакчы. Азыркы иштеп жаткан пенсия менен камсыз кылуу системасын түп-тамырынан бери кайра баалай турган мезгил жетти",- дейт Абулгазиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223382

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.