Жарнак жөнүндө мыйзамга толуктоолор киргизилди

  30.04.13   11:08
 282

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын жарнак жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Тиешелүү мыйзамдын долбоору 14-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган. Бул тууралуу өкмөттүн мааламаттык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, өндүрүшкө болгон коомдун укуктук негиздерин жөнгө салуу, мамлекеттик жана социалдык жарнактарды коомдук кызыкчылык үчүн жайгаштыруу жана таркатуу, долбоорлордун, программалардын жана республикалык, жергиликтүү мамлекеттик институттардын функцияларынын жана милдеттеринин жайылтуусун жакшыртуу үчүн мыйзамга толуктоолор киргизилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223384

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.