Парламент аппараты депкомиссиянын ишинин жүрүшү тууралуу булак боло албайт

  30.04.13   11:34
 244

Укук коргоо органдарынын Азиз Батукаевди камак жайдан бошотуу жана анын өлкө чегинен чыгып кетүү фактысы боюнча маалыматын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иши аягына чыга элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына иликтөө ишинин жүрүшү тууралуу маалыматтар депутаттык комиссия мүчөлөрү же комиссияга чакырылган адамдар тарабынан берилип келген.

Депутаттык комиссиянын отурумдары жабык өтүп жаткандыктан, азырынча Жогорку Кеңештин Аппаратында комиссия ишинин жүрүшү, тагыраак айтканда, тигил же бул адамдардын комиссияга берген билдирүүлөрү тууралуу так маалымат жок.

Ошондон улам, Жогорку Кеңештин Аппараты депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшү тууралуу булак боло албайт жана айрым маалымат агенттиктеринин депутатттык комиссиянын иши жөнүндө маалымат таркатууда Жогорку Кеңештин Аппаратына шилтеме жасап жатышын туура эмес деп эсептейбиз.

Баардык жалпыга маалымдоо каражаттарын депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшү тууралуу маалымат берүүдө анын баштапкы булактарына шилтеме жасоого, коомчулук арасында жаңылыш пикир жаратпоого жана депутаттык комиссиянын иликтөө ишинин жыйынтыгын күтүүгө чакырат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223385

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.