Депутаттарды мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн сыйлашты

  30.04.13   11:37
 336

Бүгүн, 30-апрелде, билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча парламенттик комитеттин жыйынында бир катар депутаттар мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн медал менен сыйланышты. Сыйлыкты Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиянын башчысы, КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Эгемберди Эрматов тапшырды.

Медалдар "Ар-Намыс" фракциясынын депутаттары - Каныбек Осмоналиев менен Бөдөш Мамыровга ыйгарылды. Ошондой эле "Ата Мекен" фракциясынан - Гуласал Садырбаева, КСДПдан - Галина Скрипкина менен Эльмира Жумалиева, мындан тышкары берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин бөлүм башчысы Айнагүл Субатаеваларга сыйлык тапшырылды.

Белгилей кетсек, өткөн аптада депутаттар үчүнчү окууда мамлекеттик тил тууралуу мыйзамга толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзамды кабыл алышкан. Ага ылайык президент, премьер-министр, спикер, Жогорку сот менен Конституциялык палатанын төрагалары, алардын орун басарлары, статс-катчылар, аймактардагы атайын укуктуу өкүлдөр, шаар мэрлери, акимдер жана алардын орун басарлары мамлекеттик тилди билүүсү жана күнүмдүк жумушта аны колдонуусу талап кылынат. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды бузгандарга айыппул салынмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223386

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.