Маданият жөнүндөгү мыйзамды бузгандыгы үчүн өкмөттү жоопко тартуу талап кылынды

  30.04.13   11:59
 325

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кожогелди Кулуев Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин бүгүнкү, 30-апрелдеги, жыйынында өкмөт маданият жөнүндөгү мыйзамды бузуп атканын айтты.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык өкмөт маданият тармагына мамлекеттик бюджеттин 3%ын бөлүшү керек. "Мыйзам эбак эле кабыл алынган, бирок иштебейт. Биз каралган 3%дык каражатты ала албай келебиз. Бул маданият жөнүндөгү мыйзамды бузгандык болуп эсептелет. Адам мыйзамды бузса жоопко тартылат экен. Өкмөт да бузуп атат, бирок ага карата эч кандай чара көрүлбөй келет", - деди Кулуев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223387

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.