ТИМ: Прага шаарында болгон жарылуудан кыргызстандыктар жапа чеккен жок

  30.04.13   12:02
 356

Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин берген алдын ала маалыматка ылайык, Прага (Чехия) шаарында болгон жарылуудан кыргызстандыктар жапа чегишкен жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басмасөз жана маданият башкармалыгынан билдиришти.

Эскертсек, 29-апрелде Праганын борбордук көчөлөрүнүн биринде жарылуу болгон. Анын кесепетинен 40тан кем эмес киши жабыркаган. Полициянын маалыматына ылайык, жарылуу газдын чыгышынан улам болушу мүмкүн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223389

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.