Гематологдор Батукаевдин жалган диагнозу тууралуу маалыматты четке кагышты

  30.04.13   12:08
 380

Бүгүн, 30-апрелде, Кыргыз илимий гематология борборунун окумуштуулар кеңеши президентке, спикерге жана Азиз Батукаевдин бошотулушунун мыйзамдуулугун караган депутаттык комиссиянын төрагасына кайрылуу жолдошту. "Медиктер абакта жаткан жеринен Азиз Батукаевдин оорудан улам чыгарылганына байланыштуу чатактын чок ортосунда калган борбордун дарыгер-гематологдорунун кадыр-баркын коргоону өтүнүшөт",- деп айтылат Саламаттыкты сактоо министрлигинин басмасөз борбору тараткан кайрылууда.

Басмасөз борбору берген маалыматка таянсак, медиктерди акыркы учурларда республикалык ЖМКларда бейтаптын диагнозу боюнча ар тараптуу карама-каршы пикирлер кетип жатканы тууралуу факты кабатыр кылат. "Жагдайды гематология борборунун айрым кызматкерлери тарабынан жарыяланган кайрылуусу дагы кыйындатты. Кайрылуу катта авторлордун пикиринде комиссиянын ишине пайдасы тиет дешкен маалыматтар берилген. Бирок ал жерде бир топ маселе бар. Мисалы, ачык катка кол койгон жана бейтапка коюлган диагноздон күмөн санаган 12 адам тең гематолог-адистер эмес. Алардын арасында төрт адам гана гематолог адис болгон", - деп белгиленет окумуштуулар кеңешинин тараткан кайрылуусунда.

"ЖКга кайрылган дарыгерлер бул арада ооруган адам өлүмгө учурашы керек деп жатышат. Биринчиден, А. Батукаевге диагноз коюлган "курч миелобласт лейкоз" оорусу ар кандай белгилер менен өтүшү ыктымал. Ал бир нече айдан, айрым учурларда бир нече жылга чейин созулушу мүмкүн. Экинчиден, "А. Батукаевдин лейкоциттери нормалдуу экен, анын лейкоз экени жалган" деген маалыматтар - негизсиз. Бул жерде лейкоциттерге карата текшерүү эмес, жүлүн мээден алынган анализ (миелограмма) чечүүчү ролду ойлойт. Ал эми клиникалык белгилер жок деген маалымат дагы туура эмес, Батукаевдин документтелген жазуусунда - оорунун клиникалык белгилери көрсөтүлөт- өңдүн кубарышы, мурундан жана тиштин бүйлөсүнөн кан агуу, көк боордун чоңоюшу жана башка белгилер. Белгилей кетчү жагдай лейкозго мүнөздүү клиникалык белгилер ар түрдүү болот.

Дарыгерлердин башкы максаты диагноз коюу жана дарылоого рекомендация берүү менен өз кесиптик милдетин өтөө гана болгон",- деп айтылат кайрылуу катта.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223390

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.