Ташбаевдин соттук отуруму адвокаттын келбегендигине байланыштуу кийинкиге калды

  30.04.13   12:30
 316

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-директору Учкунбек Ташбаевдин соттук отуруму адвокаттын келбегендигине байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Ташбаевдин коргоочусу Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Кылмыш жана жазык кодексинин бир нече беренелери менен айтыпталып жаткан Учкунбек Ташбаевге карата соттук териштирүү өтүүсү керек болчу. Бирок коргоочулардын бири жок болгондуктан сот кийинкиге калтырылды. Адвокаттын айтымында, ал азыр иш сапарында жүрөт. Ошондой эле сот залына жабырланган тараптын дагы өкүлү келген эмес. Эми соттук отурум 16-майда саат 9:00дө болот.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын 15-июнунда "Кутесай Майнинг" компаниясы лицензиялык милдеттемелерин аткарбагандыгына карбай Ташбаевдин көзөмөлүндөгү Геология агенттигинин комиссиясы мыйзамдан четке чыгып, 2014-жылдын 31-декабрына чейин лицензиялык макулдашууга кол койгон. Бул факт боюнча 2013-жылдын 16-январында Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223391

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.