Каржы министрлиги Курманжан датка жөнүндөгү тасманы бүткөрүүгө акча бөлө элек

  30.04.13   12:56
 227

Каржы министрлиги Курманжан датка жөнүндөгү тасманы тартып бүтүүгө эмдигиче акча бөлүп бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде, билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча парламенттик комитеттин жыйынында Кинематографисттер союзунун төрагасы, тасманын режиссеру Садык Шер-Нияз билдирди.

Анын айтымында, эки аптанын ичинде каражат бөлүү тууралуу чечимди профилдик комитет айдын башында эле кабыл алган.

"Бирок 30-апрель болду, каражаттар али күнгө чейин бөлүнгөн жок. Жумуш токтоп турат. Бул биринчи кезекте Каржы министрлигинин парламентке карата мамилесинин көрсөткүчү", -дейт Шер-Нияз.

Эскерте кетсек, өткөн 2012-жылы Кыргызстанда Курманжан датканын жылы деп жарыяланганына байланыштуу Алай ханышасы тууралуу тасма тартууга президенттин жарлыгы менен 40 млн сом бөлүнгөн. Бирок Шер-Нияздын айтымында, бул каражат жетишсиз. Бюджет жана каржы боюнча парламенттин комитети 8-апрелдеги өзүнүн жыйынында 30 млн сомду тасманы тартууну аякташ үчүн бөлүү чечимин кабыл алган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223394

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.