"Манаска" кире беришти жаап салганы үчүн ЖКК менен мэриянын үстүнөн даттанышты

  30.04.13   12:58
 250

Жол көзөмөл кызматы (ЖКК) жана Бишкек мэриясы түркүктөр менен "Манас" кинотеатрынын кире беришине бөгөт коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде, билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча парламенттик комитеттин жыйынында Кинематографисттер союзунун төрагасы, режиссер Садык Шер-Нияз даттанды.

Анын айтымында, ЖККнын кызматкерлери кинотеатрдын жанына, Манас проспектисин бойлото жайгашып алган унаалар авариялык жагдайды түзүп жатат дешүүдө.

"Маданий мекемге кирүүчү негизги жолду жаап салуунун өзү нонсенс. Кинотеатрга келүүчүлөр имаратка батышынан айланып келип жатышат. Анан калса мунун баары "Ак илбирс" сыйлыгын тапшыруу аземинин алдында болуп жатат. Мындай кылбашы керек да. Мен жолду ачууга чара көрүүнү өтүнөм", -дейт Шер-Нияз.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223395

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.