Грек-рим күрөшүнөн Азия чемпионатына катышуу үчүн кадеттер арасында тандоо болду

  30.04.13   13:37
 359

Бишкектеги олимпиадалык резерв мектебинде кадеттер арасында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионаты аяктады.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр командасынын улук машыктыруучусу Ратбек Мамбетовдун айтымында, бул мелдеш Азия чемпионатына катыша турган спортчуларды тандоо болуп да эсептелет.

Бул мелдешке 300гө жакын жаш күрөшчү катышып, жалпысынан медалдардын 10 комплектиси ойнотулду.

"Атаандаштык өзгөчө Жалал-Абат, Ысык-Көл жана Бишкектик спортчулар арасында өтө курч болду. Булар негизги орундарга күч сынашты",- дейт машыктыруучу.

Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгында өз категориялары боюнча Нурбек Максатбеков, Тынарбек Шаршенов, Нуржигит Ташполотов, Болотмырза Асанбеков, Узур Жузупбеков, Адилет Таалайбеков, Тынчтыкбек Абдыкеев, Рустам Рахматулаев, Абдулазиз Ашимбеков жана Нурсултан Махмудов өлкө чемпиондору болушту.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223396

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.