Simul спектаклинин премьера алдындагы көрсөтүүсү "Тунгуч" театрында өттү

  30.04.13   13:37
 301

Табышмактуу аталыштагы Simul спектаклинин алгачкы жолу көпчүлүк көрүүчүгө тартуулананышы "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду уюштурган, Биринчи билим берүү фестивалында, 18-майда өтөт. Андан соң "Туңгуч" театрынын жаш коллективи өзүнүн чыгармасын Кытайдагы эл аралык фестивалда тартуулайт. Азырынча жалаң жакын жоро-жолдошторуна көрсөтүүнү чечишти.

Калың элге өзүнүн музыкалык-ийкемдүүлүктүктүн фантазиясын КРдин эл артисти, труппанын жетекчиси жана спектакльдин режиссеру Жамал Сейдакматова сунуштайт.

"Акыркы кездерде эмне себептен адамзат ушунчалык мыкаачы болуп кеткендиги тууралуу көп ойлоном. Алар өз-ара кырылганы аз келгенсип, айланасындагынын баардыгын кыйратып жатышат. Жаныбарларга аңчылык жасап, токойлорду өрттөп, деңиз-океандарды булгашат. Бирок, жер үстүндө бардыгы бири-бирине көз-каранды, мына ушунун тегерегинде ой-жүгүрткүм келди", - дейт ал.

Simul – бул латын тилинен которгондо, "биргебиз" - дегенди билдирет. Биз бардыгыбыз бирге гармонияда жашашыбыз керек, - дейт Сейдахматова.

Ролдордун бардыгын театрдын окуучулары аткарышат. Болгону 30 окуучу. Балдар былтыркы жылдын октябрь айынан баштап окушту. Алар Simul спектакли менен көрүүчүнүн алдына алгачкы жолу чыгып жатышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223397

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.