Бишкекте 5-майдан тарта бак-дарактарды биологиялык дарылоо иштери башталат

  30.04.13   13:52
 337

"Зеленстрой" муниципалдык ишканасы баш калаада 5-майдан тартып бак-дарактарды биологиялык дарылоо иштери башталарын эскертет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлайт.

Бүгүнкү күндө дуб жана карагач таарыгыч коңуздары менен күрөшүш үчүн феромондуу чапташтыргычтарды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Баардыгы болуп 5 миң ушундай чапташтыргыч клей сатылып алынган жана аларды 500 гектар жерге жайгаштырышмакчы. Учурда мындай каражаттардын 4,2 миңи орнотулду.

"Зеленстрой" ошондой эле жакын арада 3,5 миң гектар аянтты "Лепидоцид" биологиялык препараты менен дарылоо иштери башталаарын маалымдайт. Бишкектеги бак-даракдардын жалпы аянты 4 миң 860 гектар жерди ээлейт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223398

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.