Simul спектаклинин премьера алдындагы көрсөтүүсү "Тунгуч" театрында өттү

  30.04.13   13:51
 284

Табышмактуу аталыштагы Simul спектаклинин алгачкы жолу көпчүлүк көрүүчүгө тартуулананышы "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду уюштурган, Биринчи билим берүү фестивалында, 18-майда өтөт. Андан соң "Туңгуч" театрынын жаш коллективи өзүнүн чыгармасын Кытайдагы эл аралык фестивалда тартуулайт. Азырынча жалаң жакын жоро-жолдошторуна көрсөтүүнү чечишти.

Калың элге өзүнүн музыкалык-ийкемдүүлүктүктүн фантазиясын КРдин эл артисти, труппанын жетекчиси жана спектаклдин режиссеру Жамал Сейдакматова сунуштайт.

"Акыркы кездерде, эмне себептен адамзат ушунчалык мыкаачы болуп кеткендиги тууралуу көп ойлоном. Алар өз ара кырылганы аз келгенсип, айланасындагынын баардыгын кыйратып жатышат. Жаныбарларга аңчылык жасап, токойлорду өрттөп, деңиз-океандарды булгашат. Бирок, жер үстүндө бардыгы бири-бирине көз-каранды, мына ушунун тегерегинде ой-жүгүрткүм келди", - деди ал.

Simul – бул латын тилинен которгондо "биргебиз" - дегенди билдирет. Биз бардыгыбыз бирге гармонияда жашашыбыз керек, деп кошумчалады Сейдакматова.

Ролдордун бардыгын театрдын окуучулары аткарышат. Болгону 30 окуучу. Балдар былтыркы жылдын октябрь айынан баштап окушту. Алар Simul спектакли менен көрүүчүнүн алдына алгачкы жолу чыгып жатышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223402

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.