Калк нике менен баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатат

МКК бланктарды жеткириш үчүн 1,5 айдын аралыгында тендер өткөрөт.
  30.04.13   14:04
 389

Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк жана фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү боюнча бланктар жок. Бул тууралуу "ВБ"га Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Эрлан Сапарбаев тастыктады.

Ал муну МККда чыгаша материалдарын сатып алыш үчүн эки жолу тендер өтпөй калганы менен байланыштырды.

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга дал келбөөчүлүктөр болгон, процедуралар бузулган. Ал эми биринчи жолку тендерде катышуучулардын саны жетпей калган",- деп белгилейт Сапарбаев.

Ал МКК өкмөттүн аппаратына тендер өткөрүлгөнгө чейин "Учкун" басмаканасынан убактылуу бланк бастырууга уруксат сурап кайрылышканын белгиледи. 600 миң сомдук бланктар бир аптанын аралыгында кызматтын атайын каражаттарына сатылып алынат.

"Баш-аягы 40 миң бланк сатып алуу пландалып жатат: 20 миңи туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ар бири 10 миңден нике тууралуу күбөлүк жана фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү боюнча бланктар. Бул көлөм 2 айга жетүүгө тийиш",- дейт Сапарбаев.

Ал бир жарым айдын аралыгында жаңы тендер өткөрүлөрүн билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223403

 Комментарийлер:
#1  
2013-04-30 19:52:15 Цитата / 0 / -

Иманкуловдун типографиясын жабыш керек

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.