Мэрия Жеңиш күнүн белгилөөгө 10 млн сом коротот

  30.04.13   14:06
 306

Жеңиш күнүн белгилөөгө жана ардагерлерге бир жолу төлөнчү жөлөк пулга Бишкек мэриясы 10 млн сом коротот. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде, мэриянын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айгүл Усубакунова билдирди.

Анын айтымында, Жеңиш күнүн белгилөө 3-майда эле башталат жана Кызыл-Аскердеги көрүстөндө митинг-реквием болот.

"9-майда Жеңиш аянтында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда митинг-реквием болот. Бул иш-чарага 2,5-3 миң киши чакырылды. Иш-чаранын акырында катышуучуларга аскердик ботко жана салтка айланып калган "100 грамм" берилет",- деди ал.

Усубакунова ошондой эле, түнкү саат 22:00дө Ала-Тоо аянтында Жеңиш күнүнө карата салют аттырыла турганын айтты. Андан сырткары ардагерлерге 5 миң жана 3 миң сомдон жардам көрсөтүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223404

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.