Салык жана Бажы кызматы негизсиз текшерүүлөрдү азайтат

  30.04.13   14:15
 302

Мамлекеттик Салык жана Бажы кызматтары эки ведомствонун кызматкерлеринин салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат алмашуусунун эсебинен негизсиз текшерүүлөрдүн санын азайтууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде, маалымат алмашуу тууралуу келишимге кол коюу маалында Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.

Ал кызматкерлер эми шектенүү жараткан салык төлөөчүлөр менен компанияларды биргелешип аныктай турганын түшүндүрдү. Ошондой эле кол коюлган келишим кош текшерүүлөрдүн санын дагы азайтмакчы.

Кулматовдун айтымында, ыкчам маалымат алмашуу баардык мамлекеттик органдар үчүн абдан маанилүү. Буга окшогон келишимдерди Мамлекеттик бажы кызматы башка ведомстволор менен дагы түзүүгө ниеттенип жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223405

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.