Кулинский Орус драмтеатры урап калышы мүмкүн экендигин билдирди

Агынды суу түтүктөрү жарактан чыгып, андан дайыма суу агып турат. Лифттер иштебейт, тепкич бүгүн эмес эртең урап калуу коркунучунун алдында турат.
  30.04.13   14:11
 326

"Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театры маданият жөнүндөгү мыйзамдын канчалык деңгээлде эскирип калганын айгинелеп турат", - деп бүгүн, 30-апрелде, билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча парламенттик жыйында театрдын директору Кулинский билдирди.

"2 млн сом – бул учурдагы карыз. Дагы 4 млн сомго мурунку аренда алуучулардын бири доо-арыз жазды. Учурда Орус драмтеатрынын имаратында 43 арендатор бар. Керек болсо бир дагы коммерциялык мекемеде аренда алуучулардын ушунчалык жыштыгы жок. Мунун бардыгы келип, театр имаратына күч келтирип жатат", - деди Кулинский.

"Театрдын экс-директору Воробьев бардык каражатты имараттын оңдоп түзөө иштерине сарптап жаткандыгын билдирген. Чындыгында бул андай эмес. Учурда жада калса театрдын көшөгөсү жок. Көрсө ал, Воробьевдин билдирүүсүнө ылайык, анын жеке каражатына алынып жасалган экен", - деп Кулинский нааразычылыгын билдирди.

Ошондой эле ал анда эч кандай документтердин жана печаттардын жоктугуна арызданды.

"Маданий объектилер, коммерциялык структуралар жана инвесторлордун ортосундагы мамилелерди көзөмөлдөөчү, маданият тууралуу мыйзамдагы нормаларды кайрадан оңдоп жазуу зарыл", -дейт театр жетекчиси.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223406

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.