"Кыргызтелекомдун" насыя карызы 1,7 миллиард сомго чейин азайды

  30.04.13   14:25
 287

Өкмөткө 77,8 пайыз акциясы таандык болгон "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун карыздары 2012-жылдын жыйынтыгы менен 4,5 пайызга азайды жана 1 млрд 697,6 млн сомду түздү. Бул тууралуу "ВБ"га компаниянын басмасөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, "Кыргызтелеком" эл аралык каржы институттарынын алдындагы баардык милдеттерин так аткарып жатат жана ишкана карыздарын өз убагында жабууда. 2011-жылы насыя боюнча калдык 1 млрд 778,7 млн сомду түзгөн.

"Компания акыркы 15 жылда Дүйнөлүк банктан, Кувейттин араб экономикалык өнүгүү фондунан, Кооперация жана экономикалык өнүгүү боюнча Корей фондунан, Кытайдын өнүгүү банкынан насыя алган",- деп тактады басмасөз кызматы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223407

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.