10-майда Centerra Gold Inc. компаниясы директорлор кеңешинин мүчөлөрүн бекитет

Канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлери 2013-жылга директорлор кеңешинин мүчөлөрүн бекитет.
  30.04.13   14:34
 316

Бул тууралуу "ВБ"га "Кыргызалтын" ЖАКнын төрагасынын орун басары Кылычбек Шакиров билдирди.

Анын айтымында, компаниянын акционерлери отурумда бир жылдык мөөнөт менен жаңы директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындашат. 10-майда Торонтодо Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлеринин кеңеши өткөрүлөт. Кыргызстандан "Кыргызалтын" ишканасынын төрагасы Дилгир Жапаров катышат. Күн тартибинде эки маселе каралат: 2013-жылга жаңы директорлор кеңешинин мүчөлөрүн жана 2012-жылга карата каржылык отчетту бекитүү.

Эскерте кетсек, Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин курамына Кыргызстандан "Кыргызалтын" ишканасынын экономика жана каржы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров жана кеңештин мурунку мүчөлөрү Амангелди Муралиев менен Карыбек Ибраев сунушталган. Кеңештин 12 мүчөсүнүн үчөө Кыргызстандын өкүлдөрү болуусу керек. Шакировдун айтымында, директорлор кеңешинин курамына Кыргызстандан эки гана адам кирет. Ал эми үчүн "Кыргызалтын" ишканасынын мүчөсү көз карандысыз болуп эсептелет. Эскерте кетсек, канадалык компаниянын 32,75% акциясы Кыргызстанга таандык.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223408

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.