КРдин Бажы Биримдигине киргендеги инфляциясынын өсүшү 3-4 пайызды түзөт

  30.04.13   14:37
 260

Кыргызстандын Россия, Казакстан жана Белорусcия түзгөн Бажы биримдигине киришинде инфляциянын бир учурда өсүшү 3-4 пайызды түзөт деп болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде, журналисттерге Евразия өнүгүү банкынын Интеграциялык изилдөөлөр борборунун директору Евгений Винокуров билдирди.

Анын айтымында, кыргыз ЖМКларында инфляциянын бир учурда өсүшү 50-100 пайызды түзөт деген жаңылыш маалымат кабарланып жатат.

"Инфляциянын өсүшүнөн кача албайбыз. Бажы биримдигинин өлкөлөрүндө импорттук товарларга тарифтик коргоо чыны менен жогору, бирок биздин эсептөө боюнча инфляциянын бир учурда өсүшү 3-4 пайызды түзөт. Бул дагы аз эмес, бирок 50-100 пайыз деп асмандатып айтууга болбойт", -дейт Винокуров.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223409

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.