Судмедэкспертиза 2010-жылдын 7-апрелиндеги атуунун багытын аныктады

  30.04.13   15:18
 257

2010-жылы апрель окуяларында жарадар болгондордун жаракаты "горизонталдык мүнөздө" эмес, аларды жогорудан төмөн карай атышкан. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде, "ВБ" менен болгон маегинде судмедэксперт Венера Саалиева билдирди.

"Мисалы, жабырлануучу Улукман Жумабековдун жаракаты таптакыр эле горизонталдуу эмес. Балким аны жогорудан төмөн карай атышкан. Ок кирген жер 3-кабырганын тушу болсо, чыккан жери 7-кабырганын тушу",- деп белгиледи ал.

Бирок Саалиеванын айтымында, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын экс-орун басары Нурлан Темирбаев бул болжолдоого макул эмес.

"Бул жарадар болгон убактагы дененин абалынан көз каранды, анткени адам кыймылда болгон",- деген Темирбаевдин сөзүн судмедэксперт мисал келтирди.

Бирок Саалиева белгилегендей, 7-апрелде жаракат алгандардын арасында горизонталдуу, башкача айтканда түз тийген октон жабыркагандар дагы бар.

"Жабырлануучу Талгат Кудайбергеновдун жаракаты түз тийген октон болгон, анткени ок көкүрөгүнө тийип далысынан чыккан",- дейт Саалиева.

Эскерте кетсек, Коргоо жана конвоирлөө департаментинде 2010-жылы болгон апрель окуясы боюнча соттук процесс улантылып жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223410

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.