Бангладеш чет элдик жардамдан баш тартуу чечимин жактоодо

  30.04.13   15:29
 225
 

Бангладеш 382 кишинин өмүрүн алган кырсыкка көмөк көрсөтүүнү көздөгөн чет элдик жардамдан баш тартуу боюнча өз чечимин жактоодо. Өткөн үчүнчү күнү Дакка шаарында сегиз кабат имарат кыйраган болчу.

Өлкөнүн Ички иштер министри Мухиддин Кан Аламгир Бангладеш бийликтери кырсыктын кесепетин өз алдынча жоюуга жөндөмдүү экенин жана куткаруу кызматтары жакшы иштегенин Би-Би-Сиге айтып берген.

Жүздөгөн кишилер дагы деле уранды алдында калууда, бирок эми аларды тирүү куткарууга ишеним азайып бара жатат.

Курмандыктардын көбү кийим тигүүчү фабрикада иштешкен. Имараттын ээси камакка алынды.

Мохаммед Рана камака алынган сегиз кишинин бири. Аларга шалаакылык жана мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн деген айыптар тагылууда. Ошондой эле имартаттагы жараканы көрүп туруп, жумушчуларды имараттын ичинде иштеткен деп айыпталууда.

Бул имараттын ичинде жайгашкан британиялык Primark жана канадалык Loblaw компаниялары жабыркагандарга компенсация төлөп берээрин билдирди.

Бангладеш дүйнөнүн текстил борбору болуп саналат. Мында дүйнөлүк бренддердин кийим-кечелери тигилет. Ал эми бул өлкөдө жумушчу күчү арзан болгондуктан товарлардын баасы кыйла төмөн.

Булак: ВВС Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223411

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.