Кыргыздрамтеатрын өздүк каржылоого өткөрүүнү сунушташты

  30.04.13   14:59
 275

Кыргыз улуттук академиялык драма театры өзүн-өзү каржылоого өтүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде, билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин парламенттик жыйынында театрдын директору Марат Алышбаев билдирди.

"Маданият жөнүндөгү мыйзамга, театр директорлорун келишимдин негизинде жумушка алгыдай норманы иштеп чыгуу зарыл. Мисалы, анын ишинин жыйынтыгын көрүү үчүн 2-3 жылга жумушка алса болот. Эгер, ал, ушул убакытта бир нерсе жасап жетишсе, келишим узартылат, болбосо иштен бошотулат", - деди театр жетекчиси.

Ошону менен бирге, директор артисттердин жүрүм-турумуна нааразы болду. "Бакен Кыдыкеева театрдан кетип жатып, анын ордуна татыктуу жаш артисттин алынышын суранган экен. Ал эми азыркы улгайып калган артисттер ордуларын бошоткулары келбейт. Театрда да алгылыктуу иш жасашпайт. Бирок, үйүндө отуруп алып, жакшы айлык алышат. Ошол эле учурда, абдан чоң, маанилүү ролдорду ойногон жаштарга маяналарын жогорулата албай келебиз", - деди Алышбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223412

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.