Кыргызстан "Суперджет" учактарын жеңилдетилген шартта сатып алууну каалайт

  30.04.13   15:28
 286

Кыргызстан авиапаркын Россиянын "Суперджет-100" (Sukhoi Superjet 100) учактары менен толуктоого кызыкдар, бирок аны жеңилдетилген шартта алууну көздөйт. Бул тууралуу "ВБ"га КРдин транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканбаев маалымдады.

""Суперджеттерди" сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр биз тараптан Россиянын профилдик ведомствосу, " "Гражданские самолеты Сухого" жабык акционердик коомунун (ЖАК) өкүлдөрү менен жүргүзүлүп жатат",- дейт Дыйканбаев. Алардын өкүлдөрү Бишкекке келишти, биздин авикомпаниялардын жетекчилиги менен жолугушту. Азырынча мындай кызматташтыкка "Кыргызстан" авиакомпаниясы кызыгып жатат. Бул тема боюнча сүйлөшүү бир аз мурда болгон кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын 15-жыйынында да уланды.

Жыйындын жыйынтыгы менен КРдин транспорт жана коммуникация министрлиги жана Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министрлиги Кыргызстанга SSJ 100 учактарын сатуу мүмкүндүктөрүн караштырышмай болду. "Гражданские самолеты Сухого" ЖАКы менен "Кыргызстан авиакомпаниялары" ачык акционердик коомуна учактарды сатып алуу жана каржы схемалары боюнча маселени карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Дыйканбаев: "Акыркы эки жылда биздин аба компанияларынын паркы жакшырып жатат. Албетте, биз аны суперджеттер менен толуктасак абдан жакшы болмок. Бизге жаңы учактарды сунуштап жатышат. Кыргызстан адеп башында бир учакты жеңилдетилген шартта алууну караштырууда. Мисалы, гранттык негизде же лизингге 20 жылдык ижара менен. Азырынча бул маселеде бир пикирге токтоло элекпиз",- деп белгиледи.

Белгилей кетсек, "Сухой Суперджет–100" (Sukhoi Superjet 100, SSJ–100) - эски Ту-134, Ту-154, Як-42 учактарын алмаштыруу үчүн Россияда жаңы куралган жарандык учак.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223413

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.