Биринчи май райондун окуучулары шаардык спартакиаданы утуп чыгышты

  30.04.13   15:13
 241

Мектеп окуучулары арасындагы жеңил атлетика боюнча спартакиаданын финалдык этабы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Шаардык спорткомитеттин билдирүүсүнө ылайык, 100, 400, 800 метр аралыкка чуркоо, бийиктикке жана алыстыкка секирүү жана эстафета мелдештерине бардыгы болуп 50 атлет катышышты.

Кыздар арасындагы бардык алтын медалдарды Биринчи май районунун жеңил атлеттери алышып, 138 упай менен жалпы командалык биринчиликке да ээ болушту. Экинчи орун Свердлов районунда, коло байгени Ленин району алды.

Жигиттер арасында да Биринчи май спортчулары мыкты көрсөткүч көрсөтө алышты. Андан кийин Свердлов менен Ленин району болду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223414

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.