Боксчу Сергей Паренко Казакстандагы эл аралык турнирде коло байгелүү болду

  30.04.13   15:18
 247

Кыргызстандын боксчусу Сергей Паренко Атырау шаарында өткөрүлгөн эл аралык турнирдин коло медалын утуп алды. Бул тууралуу "ВБ"га Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, Паренко (91 кг) жарым финалга чейин жетип, финалга чыгуу үчүн беттешүүдө Азия чемпиону Василий Левитке уттуруп, үчүнчү орунга илинди.

Андан тышкары Роман Сабыржан уулу (52 кг) жарым финалдык беттеште казакстандык Адилет Хурметовду жеңип чыгып, финалга жолдомо алды. Алтын үчүн беттешүүсүн кыргызстандык боксчу казакстандык Бакхожо Инаятуллаев менен өткөрөт.

Финалдык беттешүүлөр бүгүн, 30-апрелде болот.

Казакстандык ЖМКлардын билдирүүсүнө ылайык, турнирде Сирия, Украина, Россия, Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандын спортчулары катышышат. Мелдеш бешинчи ирет өткөрүлүп, Бокс боюнча эл аралык федерациянын (AIBA) календарына кирген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223415

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.