Салык жана Бажы кызматтары салык төлөөчүлөрдү изилдөө механизмдерин киргизишти

  30.04.13   15:34
 285

Салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат алмашуу жөнүндө келишимге бүгүн, 30-апрелде, Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) төрагасы Кубанычбек Кулматов жана Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) төрагасы Исхак Масалиев кол койду.

Документ маалымат алмашуу маселелери боюнча эки ведомствонун ортосундагы системаны автоматташтырууну жөнгө салат. Эми республиканын аймагына товар ташып келген баардык компаниялар тууралуу бүт маалыматты салык органдары ала алышат.

МСКнын башчысы билдиргендей, бул баардык компаниялардан түшкөн салыкты көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, тилекке каршы бүгүн бүт субъекттер салык төлөбөйт.

"Ачык айтканда Салык кызматы аларды изилдей албайт, бул келишимге кол коюу менен салык органдары субъект ташып келген товарына салык төлөдүбу же жокпу текшерүүгө мүмкүндүк түзүлөт", -деп түшүндүрдү Масалиев.

Кулматов бүгүн кол коюлган келишим өз ара натыйжалуу иштешүүгө негиз түзөөрүн кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223418

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.