"Кыргызтелекомдун" директорлор кеңеши толугу менен алмашты

Кеңештин мүчөлөрү 5тен 3кө чейин кыскарды.
  30.04.13   15:39
 287

"Кыргызтелеком" ААКтын акционерлеринин жалпы жылдык чогулушунда кабыл алынган чечим менен директорлор кеңешинин курамы 5тен 3кө кыскарып, алар толугу менен алмашты. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде компаниянын басмасөз кызматынан "ВБ"га билдиришти.

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кыскартууну негизги акционер – Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду сунуштаган.

Кеңештин жаңы мүчөлөрү болуп Мирбек Мурзабеков, Ренат Тулебердиев жана Талгат Жолдошев шайланды.

Буга чейин директорлор кеңешинде Талайбек Орозов, Нургазы Абдрашев, Асель Кодуранова, Нурадин Касымов жана Куванычбек Конгантиев болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223419

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.