Атамбаев Россиянын баңгизатына каршы ведомствосунун башчысын кабыл алды

  30.04.13   15:40
 307

Бүгүн, 30-апрелде, президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Баңгизаттардын айлануусун көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын директору Виктор Ивановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушууда Борбор Азия аймагындагы баңгизаттын мыйзамсыз айланышы, анын ичинде Афганистандан келчү баңгизатына тиешелүү жагдай талкууга алынды.

Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын күч түзүмдөрүнүн наркотрафик менен күрөшүүдөгү биргелешкен чаралары жөнүндө сөз жүрдү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223420

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.