Бишкекте грэпплинг боюнча алгачкы шаардык чемпионат өттү

  30.04.13   15:39
 344

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы грэпплинг боюнча алгачкы шаардык чемпионат өттү.

Мелдештин негизги калысы Александр Ларионовдун айтымында, шаардык чемпионатка мамлекеттин региондору жа бишкектик клубдардан бардыгы болуп 15 команда катышат. "Алгачкы күнү балдар кимоносуз эле мелдешишет. Эртеси күнү формаларын кийип чыгышат. Биз мелдешти жөнөкөй версиясы боюча өткөрүп жатабыз, себеби, грэпплинг мушташы бизде али жакшы өнүгө элек", - деди ал.

Ларионовдун айтымында, чемпионатка 1994-1997-жылы туулган 100 ашык спорчту катышышты. 18 салмак категориясында медалдар ойнотулду.

Чемпионаттын жыйынтыгында Тилек Акбаралы уулу, Анвар Адизов, Бакберген Казакбаев, Азамат Абдусаматов, Эмилбек Абытов, Аскар Сатыбалдиев, Закирбек Шайлообаев, Арген Бакытбек уулу, Азамат Абдусаматов ж.б. алтын байгелүү болушту.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223421

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.