Жаш мушкер Роман Сабыржан уулу эл аралык чемпионатта алтын жеңип алды

  30.04.13   15:48
 274

Кыргызстандык боксчу Роман Сабыржан уулу 52кг чейинки салмак категориясында алтын байгелүү болду. Эл аралык турнир Казакстандын Атырау шаарында өтүп жаткан. Бул тууралуу "ВБ"га Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов кабарлады.

Анын айтымында, финалдык беттешүүдө кыргызстандык мушкер казакстандык Бакхожо Инаятуллаевге караганда күчтүрөөк экенин тастыктады.

Андан мурун Сабыржан уулу Казакстандан Адилет Курметов жана Сириядан Зедан Омар менен беттешке чыгып, уткан.

Эске салсак, дагы бир кыргызстандык мушкер Сергей Паренко (91 кг) турнирдин коло байгесинин ээси аталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223423

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.