Шаардык транспорт башкармалыгы пара менен кармалды

  30.04.13   16:12
 482

Кечээ, 29 апрелде, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкек мэриясына караштуу Шаардык транспорт башкармалыгынын Техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысын пара алуу фактысы боюнча колго түшүрүштү. Бул тууралуу УКМКнын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган адам Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташып иштеген жеке ишкерден акча алган. Ага карата "Пара берүүгө мажбурлоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223425

 Комментарийлер:
#1 патриот
2013-11-24 00:17:32 Цитата / 0 / -

пара алгандардын колун кесиш керек

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.