Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши Россиянын бийлигин күнөөлөдү

  30.04.13   16:30
 316

Бүгүн, 30-апрелде, Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши ачык билдирүү менен чыкты.

"Акыркы күндөрү айрым россиялык жана жергиликтүү саясат таануучулар арасында Кыргызстандагы жана Россиядагы өкмөттүк эмес уюмдардын жумшак күч аркылуу кандайдыр бир батыштын баалуулуктарын таратууда деген пикирлери көп айтылууда. Укук коргоочулар кеңеши бул айтылгандар негизсиз деп билдирет. Адам укуктары универсалдуу жана ал кайсы гана мамлекетте болбосун сакталууга тийиш. Адам укуктары жана эркиндиктери боюнча жалпы декларацияны батыш цивилизациясы иштеп чыккан эмес, ал 1948-жылы Бириккен Улуттар уюму тарабынан иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Азыркы өкмөттүк эмес уюмдар жаатына жасаган кысымын "өлкө биримдиги үчүн жасап жатабыз" деп шылтоолору россиялык жетекчиликтин жана Кыргызстандагы кээ бир саясатчылардын жеке бийликти колуна кармап турууга жана жана өзүнүн керт башына айтылган сынды четтетүүгө кылган аракети.

Укук коргоочулар кеңеши Кыргызстандын баардык атуулдарын азыр Россия Федерациясында байкалып жаткан коомдук уюмдарды кысымга алуу сценарийинин кайталанбашына жол бербөөгө чакырат", -деп айтылат кайрылууда

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223426

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.