Мар Байжиев таңкы азанга тыйуу салууну сунуштады

  30.04.13   16:22
 924

Бүгүн, 30-апрелде, билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин парламенттик жыйынында, жазуучу Мар Байжиев, мечиттерде, таңкы саат 5те окулган азанга тыйуу салууну сунуштады. Анын айтымында, илгери, азан элдер уктап калбай убагында намаз окуусу үчүн окулуп турчу. "Азыр ошонун кереги барбы? Эмне үчүн дин жолунда жүргөндөрдүн айынан башкалар запкы тартыш керек? Таңкы саат 5теги азанга тыйуу салуу зарыл", - деди Байжиев.

"Ошондой эле ал учурда "көпчүлүк исламды туура эмес түшүнүп жатышат". Аларда ислам дини тууралуу толук кандуу маалымат жок. Жаш балдарды эмитеден дин эмне экенин үйрөтүү керек. Мектептерде "Дүйнөлүк диндердин тарыхы" деген сабакты милдеттүү катары киргизүү зарыл", - деди Байжиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223427

 Комментарийлер:
#1 Медер
2013-05-02 14:25:20 Цитата / 0 / -

Мен Мар Байджиевди жакшы инсан катары билем...Бирок бу драматург кишибиздин жашы отуп улгайган сайын алжый баштаганы байкалгандай......Кыргыздардын 80 пайызы мусулман экенин эске ала турган болсок,намаз окугандар арбын....Азан-деген бул адамдары намаз убакытсы келгенде сыйынууга чакыруу маанисин тушундурот. Буга тыйуу салуу,Исламга каршы чыгууну бир жолу экенин Мар Байджиев байкебиз тушунушу керек.....Кадыр баркы, абройу тоодой болгон публицист адамдын минтип айтканы, чындап келгенде шерменделик.....

#2 Алик
2013-05-02 14:35:54 Цитата / 0 / -

Мардын аялы Алсеитованын баптист экенин укканым бар.

#3 Азик
2013-05-02 21:11:00 Цитата / 0 / -

Агабызга жин тийгенго

#4 Мирбек
2013-05-03 06:44:13 Цитата / 0 / -

Элибизде бекеринен карыса да жакшы карысын делген эмес, аксакалдарыбыздын эн атактуусу ушинтип турса, жаштарыбызды кудай эле сактасын, а атактуулугуна жамынын жургон ичи былык байкебиз эми чыныгы жузун ачык корсотту.

#5  
2013-05-03 10:42:00 Цитата / 0 / -

дин бул аябай маанилуу тема.Бир нерсе айтканда ото ойлонуа айтыш керек

#6 Атай
2013-05-03 11:48:53 Цитата / 0 / -

тура кылат. кыргыздар намаз окуган эмес, танатпай туруп Жаратканга кайрылып тилек ниет кылган. ал ал бир адамдын жеке иши. дин менен жабынып тура эмес иштерди кылгандар ото коп. негизгиси кудайды кокурок менен тааны деген ата бабадан калган соз бар. Эн негизгиси кыргыз кыргыз болуш керек. Кыргыздын калпагын эле карагыла. Калпак менен кантип намаз окуйт? демек биздин ата бабалар намаз окуган эмес. Биздин жол башка, дин жол бул башка.

#7 Рома
2013-05-03 12:36:06 Цитата / 0 / -

Мар байке, Кыргызстанда коститутция менен ар бир жаранга дин эркиндиги берилген. Азандын айтылуусуна каршы чыкканыныз туздон-туз чиркоолордо конгуроолордун кагылышына да каршы экенининзди билдирип жатат да. Демек, Сиз, баш мыйзамга каршы чыгуудасыз. Ушул жашка келип, жаштарды ыйман жолуна. адеп-ахлакка, толлеранттуулукка ундогондун ордуна, ойго келбеген жоорукту баштаганынынзга жол болсун!!! "айтылган соз-атылган ок" экенин драматург башыныз менен унутканынзга, окунгон учурда келет.

#8 Атилла
2013-05-03 15:29:08 Цитата / 0 / -

Кыргыздардын жуз-эки жуз мурун кандай экенин оз козубуз менен коргон жокпуз. Советтер союзуна чейинки кочмон элдин турмушун чон-аталарыбыздын созунон билсек болот. Бирок андайлар азыр ото эле аз. Болгону совет доорундагы аксакалдарыбыз бар. Бирок советтер союзунун доорунда деле азан чакырылчу.

#9 Кыргыз
2013-05-03 15:34:21 Цитата / 0 / -

Маар байке эн туура айтасыз,себеби жумуштан чарчап тундо келсен танатпай азан ойготот.Кыйналасын да жакшы эс албай.Биз светтик мамлекетте жашайбыз, ким дин тутса башкаларга кыйынчылык алып келбегендей болушу керек да.Муну Аллах да туура корот.

#8 Атилла
2013-05-03 15:40:45 Цитата / 0 / -

Светский экстремизим, светская диктатура деген нерседен алыс болсок. Мисалы, жолук салба, азан айтпа, сакал койбо деген талаптардын мааниси - бардык адамдар биз сыяктуу светский гана болуш керек дегенди билдирет. Кудум советтер союзундагыдай эле бардыгынар ленин жана партияга ишенгиле, бардыгынар октябренок, пионер болушунар керек деген сыяктуу.

#8 Атилла
2013-05-03 15:44:03 Цитата / 0 / -

диндеги эркиндикти (динде зордоо жок) жана динге берилген эркиндикти эстен чыгарбасак.

#10 Айласыз
2013-05-03 17:47:33 Цитата / 0 / -

ислам озу эле канчага болунот, бир-бирин туура эмес дей беришет кимисне ишенууну да билбейсин. мен кудайдан корком, бир жалгыз кудайга ишенем бирок дин синге эмес ушул

#11 Нур
2013-05-04 13:00:13 Цитата / 0 / -

Э кокуй каарылыкпы же жан дуйносуно жин киргенби бул кишинин. Ушуга окшогон доодурок создор Мар агайдын оозунан чыгат деп ойлобогом. Танкы азанга тыюуу салуу, олгон адамга жаназа окуусуна тыюуу салуу менен барабар да.

#12 Alik
2013-05-04 17:30:29 Цитата / 0 / -

Мар, Атай, Айласыз. Адамга жин киргенде силерге окшоп калат. Эртен тозоктун оту корунгондо окунуп калбагыла. Эч ким туболук жашоого кепилдик бербейт. Кеч болуп кала электе тооба кылгыла. Аллах улук! Андан улук зат жок. Шек келтирбегиле. Ушул создорунорго мен кубо болом кыяматта!!!

#12 Чопа
2013-05-04 17:32:47 Цитата / 0 / -

Динди толук тушунуп алып анан алжырагылачы. Силер каапырлардан да жаман турбайсынарбы! Алжыган бир чалдын созун коштойсунар. (Атай, айлсыз жана башкаларга).

#13  
2013-05-06 14:35:22 Цитата / 0 / -

турусун айтсак намаз азансыз окуулбайт биз мусулман эл болгондон кийин кантип азанды айтырбай койо алабыз бул мырза мар байжиевдин эн акмактык созу деп эсептейбиз бул айтканыныз эн чон куноолордун бири илгертен айтылгандай ойноп суйлосон да ойлоп суйло деп бекер айтылбаса керек ар бир айтылган созубузго жооп беришибиз бар эгер бийлик менин колумда болгондо башын алмакмын ушундай динибизге каршы болгондорду аа биздин ислам динине болгон тушунугубуз начар болгондуктан болуп жатат эгер ислам динин жакшы тушгондо кайра кыргызстандын бардык аймактрында айтылсын деген демилгени колдоп чыкмак азыр бул келжиреген созунузго мар байжиев мырза кыргызстандын 90% каршы дагын адашпаныз суранабыз

#14 бема
2014-04-03 20:31:46 Цитата / 0 / -

мен мындай адамды эми коруп жатам ээээй АЛЛАХТАН коркунуздар тозок отун корбойлу десениздер

#15 Azamat Sulaimanov
2015-04-10 12:31:15 Цитата / 0 / -

бул кишинин айтканы туура эмес анткени азанды айткандан кийин намаз окушат динди билбей туруп суйлой бербеш керек

#16 элдияр
2015-12-19 16:31:24 Цитата / 0 / -

Иии

#17 Иса
2017-03-17 08:41:09 Цитата / 0 / -

Аллахтан корколучу

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.