Бишкекте чек арачыны бычактап кетишти

  30.04.13   16:25
 251

Бишкекте чек арачыга кол салуу болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу Чек ара кызматына шилтеме берүү менен кабарлады.

Окуя өткөн түнү болгон. Чек арачыны белгисиз бирөөлөр үйүнүн жанынан сабап, бычактап кеткен. Мээси чайкалып, баш сөөгүнө залака тийип, көкүрөгү бычакталган.

Учурда ал Травматология жана ортопедия борборунда жатат. Абалы канааттандырарлык.

Окуянын чоо-жайын азыр Бишкектин Свердлов райондук милициясы териштирүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223428

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.