Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматында иштегендердин 30 пайызы жумуштан кетет

  30.04.13   16:45
 345

Аттестациянын жыйынтыгы менен Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматында иштегендердин 30 пайызы жумуштан кетет. Бул тууралуу өкмөттүн 30-апрелиндеги отурумунда ички иштер министри Абдулда Суранчиев билдирди.

Анын айтымында, аттестациянын жыйынтыгы менен бул кызматка көпчүлүк кызматкерлер капысынан гана келип иштеп калгандыгы аныкталган. Алар нормативдерди бере албай калган себептен иштен кеткен. Маалыматка ылайык, аттестациянын жыйынтыгы менен Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматында иштегендердин 30 пайызы жумуштан кетет. "Жаңы кызматкерлерди алуу сынактык негизде өткөрүлөт", - деп кошумчалады Суранчиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223432

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.