Кыргызстан КМШ мамлекеттери менен темир жол интеграциясына киришти

  30.04.13   16:47
 470

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) темир жол транспортун техникалык жаатта жөнгө салуу саясатын Москвада Шериктештикке кирген мамлекеттердин серепчилери талкуулашты.Азербайжан, Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Украинадан келген адистер менен бирге жолугушууга КМШнын экономикалык кеңешинин, Темир жол транспорт кеңешинин, Стандарташтыруу боюнча эл аралык кеңештин өкүлдөрү катышты.

"Постсоветтик мейкиндикте техникалык жөнгө салуу боюнча мамлекеттер аралык документтик жоктугу темир жол транспорту жана өз ара соодада коопсуздук кыймылын камсыз кылууга тоскоолдук жаратышы мүмкүн",- деп белгиледи жыйынга төрагалык кылган Стандарттар Бюросунун директору- Стандарттоо, метрология жана сертификациялоо мамлекеттер аралык кеңешинин жооптуу катчысы Николай Сонец.

Катышуучулар темир жол транспортун КМШ мамлекеттеринин саясатына ылайык техникалык жөнгө салуу боюнча келишимдердин долбоорун карап чыгышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223433

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.