Таластан 21 мамлекетке төө буурчак экспорттолду

  30.04.13   17:06
 318

Таластын негизги бренди болгон төө бурчакты даярдап, экспортко чыгаруу боюнча 57 фирмалар жана жеке ишкерлер иштешет. Алар үстүбүздөгү жылдын 17-апрелине чейин 21 чет өлкөлөргө 42 миң 984 тонна төө буурчак экспорттошкон. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда төө буурчак даярдап чет мамлекеттерге жөнөтүү боюнча Таласта "Азра Компани", "Арбель", "Кыргызцентрпродукт", "Жакан", "Берен" сыяктуу даярдоо ишканалары ар бири 2,5 миң тоннадан 5 миң тоннага чейин төө буурчак даярдап экспорттошууда.

"Таластын төө буурчагын эң көп сатып алган Түркия мамлекети болуп эсептелет. Ал жакка 26 миң тоннадан ашык фасоль экспорттолгон. Ошондой эле Россия, Болгария, Сербия, Македония, Молдавия, Грузия, Ирак мамлекеттери токтотпой алып кетишүүдө. +ткөн жылы таластык дыйкандар төө буурчакты 45 миң 431 гектар жерге эгишип, анын дүң жыйымы 80 миң тоннадан ашты. Учурда анын 1 килограммы сортуна жараша 62 сомдон сатылууда", - дейт басма сөз кызматы.

"Талас облусу – республиканын борборунан алыс жайгашкан, аппендицит катары өзүнчө бөлөк жайгашкан облуспуз. Чындыгында, республикалык бюджеттен сырткары, жергиликтүү бюджетибиз бар. Жергиликтүү ишкерлерден түшө турган каражаттар бар. Кошумча салыктар деп, элге кызмат көрсөтүүдөн, салыктын 16 түрүнөн бизге деле түшөт. Облус 83,3 пайыз дотацияда отурабыз. Ишкерликти өнүктүрүү, жогорулатуу максатында азыр иштер жүргүзүлүп жатат. Кичи жана орто ишкерликти колдоо, өзгөчө дыйкандарга, фермерлерге керектүү жер-жерлерде теплицаларды, тоок фермаларын ачуу, элдин колунан келе турган кичи өндүрүштөрдү өндүрсөк, менин оюмча облус өнүгөт", - дейт облус губернатору Койсун Курманалиева.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223437

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.