"Кыргызстан мырзасыбы" же "гей-парадбы" түшүнбөй калдым

Аталган конкурстун аты эле улуттук болбосо, өзөгүндө кыргызга тиешелүү эч нерсе болгон жок. Менин сын-пикиримден чыр эмес, жыйынтык чыгат деп ишенем.
  02.05.13   07:47

Кыргыз качантан бери эркекти сулуу деп калган?

26-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда "Кыргызстанда биринчи жолу" деген ураанга жамынып алып,"Кыргызстандын мырзасы – 2013" аттуу эркектердин "сулуулук" конкурсу болуп өттү. Мен бул аталыштарды уюштуруучулар кантип айтса, афишада кандай жазылса ошондой жазып жатам. Болбосо кыргыз эли эркектерди эч качан сулуу деп атаган эмес. Келбеттүү же сымбатуу жигит дешкен. Сулуу дегендей эркектер кыз же кыз теке эмес да туурабы? Мен муну кийинкиде кайталанбасын деп жазып жатам, жөн эле жумурткадан кыр издеп көрө албай жатат дебегиле. Менин мистерлер менен эч кандай аласа-бересем жок, акыры бирөө катаны оңдош керек да. "Боло берет саясаты" ушуга алып келип жатпайбы болбосо. Эң башкысы улуттук дегени мени эле эмес, мен сыяктуу көрүүчүлөрдү таң калтырбай койгон жок. Анткени аталган конкурстан кыргыз улутуна тиешелүү эч нерсе көрө алган жокмун. Анан улуттук деген сөз деги кыргыздар жөнүндө болуп жатабы деп да ойлойт экенсиң. Сиздерге да түшүнүктүү болуш үчүн иш-чараны башынан айтып берейин...

Кыргызстан мырзасыбы же гей-парадбы?

Аталган иш-чара биринчиден, 1 саат 45 мүнөт кечигип анан башталды. Идея боюнча 17:30да башталыш керек болсо, 19:15те башталды. Бул иш-чара кечигип башталгандардын алгачкысы эмес, бирок кемчиликти айтыш керек. Дегеним 2 саат көрүүчүнүн убактысын уурдагандык. "Убакыт – акча" дегендер мен эмне жөнүндө айтып жатканымды жакшы түшүнүп жатышса керек. Сынактын баштан-аяк орус тилинде өткөндүгү мени терең ойго салды жана кыжырыма тийди. Бир-эки катышуучу анан калыстар Эрмек менен Анжеликанын сөзүн кошпогондо. Болбосо көрүүчүлөрдүн 90 пайыздан ашыгы кыргыздар болчу. Жигиттердин 99 пайызы кыргыздар болсо башка улуттан киши келмек беле? Анан да конкурска 34 жигит катышса анын бирөө гана орус экен. Сынактын талабы боюнча ар бир катышуучу 30 секунд өзүн тааныштырат экен. А көпчүлүк жигиттер өзүн тааныштырбай эле апаларына, сүйгөн кыздарына салам айтып жатышты. Бул балдардын "Кыргызстандын мырзасы" болоюн деген олуттуу деле ниети жоктугунан кабар берсе керек. Андан соң "гей-парадды" эске салган "Пляж варианты" деген конкурс болуп, жигиттер биринен сала бири өздөрүнүн жарым жылаңач "сулуулугун" көрүүчүлөргө көрсөтүп жатышты. Буга да мейли дейли. Анткени сулуулар конкурсунда кыздар деле калайыктын алдына дырдай жылаңач чыгып жатпайбы. Эң кызыгы аягында болду. Конкурстун чечүүчү бөлүмү болгон "Белгилүүлөргө пародия". Аталган бөлүмдө калп айтпасам мистерликке талапкерлердин 80 пайызы негедир кыз-келиндерди катыра туурашты. (Эскерте кетчү жагдай, конкурстун уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова сынактын башкы максаты жаштар түздөнө турган кыргыздын мырзасын табуу деп айткан эле). Кыргыздын эле жигиттери колготкиден өйдө кийип Мерлин Монро, Леди Гага, Шакира, Бейонсе сыяктуу кийим кийгенден жылаңач жүрүүнү эп көргөн дүйнө жылдыздарын туурашты. Манасты же Айтматовду туура дешсе канчалык аракет кылмак билбейм бирок, аты аталган жылдыздарды куюп койгондой окшоштурушуптур. Арасынан бир-экөө эле Гүлжигит Калыков менен Тата Уланды туурабаса көбү чет өлкөлүктөрдү туурашты. Гитлерди, Тиматини туураса да эркек эмеспи дейт экенсиң. Ал эми ич кийимден бери кыздыкын кийүүдөн кайра тартпаган эркек сөрөйлөрдү көрүп алып жакаңды кармайт экенсиң. Манас, Семетейди туурабай эле коюшсун жок дегенде жаштар үлгү алып, түздөнө турчу спортчуларды, искусство адамдарын туураса болот эле го. Жаштар суктанган Атайды эмнеге туурашпайт?

Бизге шоу эле керекпи?

Мейли кааласа дырдай жылаңач жүрсүн деп кол шилтеп койсом деле болот, анткени ар бир адамдын өз эрки деңизчи. Бирок, бул конкурс Маданият министрлигинин колдоосу менен, "Кыргызстандын мырзасы", "улуттук сынак" деп турса кантип унчукпайм? Маңкуртчулук деп айтпаска чарам жок. Анткени энесин атканды, тилин чанганды, жерин сатканды маңкурт дешет кыргыздар. Тилин чанып орусча сүйлөп жатса, өз жеринин чыгаандарына теңине албай ургаачынын кийимин кийип жатса кантип чыдап турасың? Конкурстун уюштуруучусу Рыскүл Намазбековага ушул боюнча суроо узатсам "бүткөн ишке сынчы көп, бүткөндөн кийин эле сындай бересиңерби, биринчи жолу өз күчүм менен өткөрүп жатам" дейт. Өтө берсин буга эч кимдин кусаматы жок. Биринчи жолу өткөнүнө сүйүнө берсек анда Кыргызстанда биринчи жолу деп шылтоо кылып "гей-парад" да өткөрөлү. Бул жерде улуттук деп атын атап алгандан кийин кыргыз улутуна тиешелүү бир нерсе болуш керек эле да. Же улуттук деп кыргыздын атын булгабаш керек эле. Качан кыргыздын жигити колготки кийип, көзүн боеп эл алдында кыйшаңдачу эле. Бул кыздарга да жарашпай турган нерсе. А эмне үчүн кыргыздын чыгаандарын туурабайсыңар десем атайын ушундай кылдык, биз шоу кылалы дегенбиз дешти уюштуруучулар. Шоу үчүн кыргыз элин каалагандай тебелеп, эркекти кыз кыла берсе болобу? Мындай "шоуну" түнкү клубдарда өткөрүш керек, бир гана спорт ордосунда же башка концерттик залда эмес. Батышта эмне болсо көчүрүп келип эле, таңуулап, байлап-матап шыкай бергенди качан токтотобуз? Эртең гей-парад өтөт десе эч таңгалбай турган болдум.

Султан Палван неге көзөмөлдөбөйт?

Арасында комузда кол ойнотуп, өзүн ыр менен тааныштыргандар да болду. Бирок негедир алар тигилерден төмөн бал алып жатышты. Демек, уюштуруучулар улуттук өзгөчөлүккө басым жасалбайт деп калыстарга да эскертишкен. Ошентип "Мистер Кыргызстан – 2013" наамын кыргызча онтоп араң сүйлөгөн, 18 жашар, канадалык ырчы жана актриса Нелли Фуртадого окшошкусу келген Нурбек Сопоев алды. Демейде Маданият министри "Монолог вагины" сыяктуу спектаклдерди порнография деп тыюу сала койчу эле, мындай улуттук деңгээлдеги "жылаңач баатырларга" эмне үчүн унчукпайт? Же Султан Палван да "биринчи жолу өтүп жатат" деп эйфорияда жүрөбү? Кыргызстандын мырзасы тандалып жаткандан кийин улуттук баалуулуктарга басым жасалып, жигиттердин акыл парасатына, талантына да баа берилсе болмок... Же уюштуруучулар жаштар кыз текелерге карап түздөнүп, сулуулук эталону катары урматтасын дешкенби?

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223440

 Комментарийлер:
#1  
2013-05-02 09:50:42 Цитата / 0 / -

толугу менен кошулам. ушундай иш чара өткөрүлөт экен дегенде эле ирээнжигем.

#2 Adilet Idrisov
2013-05-02 11:04:59 Цитата / 0 / -

Катырыптырсын Улан иним! Калемине курчуп, ишине ийгилик!

#3  
2013-05-02 13:15:06 Цитата / 0 / -

эн туура, толугуменен колдойм

#4 Аза
2013-05-02 15:35:08 Цитата / 0 / -

Улан эн туура жазыптырсын.сенин ар бир макалан чындыкты гана чагылдырат экен.ийгилик

#5 Nursultan
2013-05-02 16:12:45 Цитата / 0 / -

En ele tuura! Jalpy kyrgyz erkekterinin namysyna shek keltirip atyshat. Uiushturuuchularga jakshylap oilonup ish kylgyla demekchimin

#6 murat
2013-05-02 16:20:42 Цитата / 0 / -

бишкекти гейлер каптап кетип жатат, кыргыздар оозуңарды ачып отура бергиле! кыргыздарда эч качан гейлер болгон эмес...

#7 Гулжан
2013-05-02 16:49:54 Цитата / 0 / -

Абдан туура. Мен суротун коруп, кыздар го дегем. Кулку келерлик. Кыздардын кийимин кийип, аларды туурай турган болушса атын башкача аташса болмок экен. Бул уюштуруучулардын "улут" дегенден создон коронгосунун жоктугу, жигиттерди мырза кылбай эле чын эле гей кылып коюшуптур.

#8 murat
2013-05-02 16:55:10 Цитата / 0 / -

бишкекти гейлер каптап кетип жатат, кыргыздар оозуңарды ачып отура бергиле! кыргыздарда эч качан гейлер болгон эмес...

#9 Асел
2013-05-02 17:53:48 Цитата / 0 / -

Ушундай "кыргыз мырзалары" кимге жагат? Мага жаккан жок!!!!!

#10  
2013-05-02 18:14:06 Цитата / 0 / -

Ооба ыплас корунот

#11 tologon
2013-05-02 19:47:47 Цитата / 0 / -

Министр на мыло. Шерменделер!!!

#12 Labida
2013-05-02 20:52:35 Цитата / 0 / -

эн туура Кыргыз болгонуна суктандырган сыймыктандырган патриоттук сезимди которгон сынак кылышса жакшы болмок. Кыргызымдын тарыхын сурап баатырларды тууралап чыгышса болмок. же болбосо сынактын атын таланттуу жигиттер деп койсо болмок. талантуу болгонунан айымдарды да тууралашыптыр деп койулмак. министерстводогулар кайсы жакты карап келишет деги билбейм. балдарыма Кыргыз тилибизде суйлоону уйротуп орусчаны кошпой келдик мама папа сы жок апа ата деп уйроттук. бирок эшикке чыкканда садикке барганда тилибиздин таакыр колдонулбай калганын, балдарыбыздын кыйналып жатканын коруп дароо орусчаны уйрото баштадык. бир иш чаралар аткарылышы керек. тилибиз оз жеринде ботон болуп калды. орусчаны жакшы билбеген айылдан келген кээ бир жарандарыбыз 2-3 жылдан кийин эле орусча суйлоп бирок тилибизди колдонбой калып жатат.

#13 шг
2013-05-02 21:24:19 Цитата / 0 / -

Дааа, ушундай заманга жеттик би, балдар кичине болсо башынар менен ойлонсонор боло, кантип аял кийми менен чыктынаар

#14 алберт
2013-05-03 00:53:02 Цитата / 0 / -

ушундай конкурсту откоргондон коро откорбой еле койгон жакшы. уюштуруучулар озунун айыбын дагы деле сезбей атканы окунучтуу

#15 Adam
2013-05-03 02:55:45 Цитата / 0 / -

Ushulardy ata enesi korso emne deyt boldu eken?

#16 Марат
2013-05-03 03:09:30 Цитата / 0 / -

Эгер гей парад болсо колума таяк алып ошол гейлерди кубалап сабайм, башын жарып ч...н кесиш керек!!! А конкурска барып кыздарча кийингендер жана ошол эле 18 ги женуучу эркек эмес, колдон келсе бираз сабап койот элем уюштуруучуну кошуп

#17 чындык
2013-05-03 08:34:45 Цитата / 0 / -

сындар туптуура болуптур.. ишине ийгилик рахмат.

#18  
2013-05-03 09:20:16 Цитата / 0 / -

ушул конкурстан кийин катышуучулар озунорду Кыргыздын мырзаларынын катарына кошпой эле койгула.

#19 иш
2013-05-03 11:05:56 Цитата / 0 / -

Чумоолор десе болот буларды Р. Намазбекова кайсы арына откорду батышты турагандын балакетин алабы. Чумарики Сабатсыз Акылы жок десе болот юштургандарды жюриге кайсы кок меелер барды болду экен

#20 Рома
2013-05-03 12:21:22 Цитата / 0 / -

Улан макаланы жакшы жазыптырсын. Корком кенеш деген тузулуп иш алып баргансып жатты эле, ошолордун бул маселеге карата айтылган ой пикирин да келтирсен болмок.

#21  
2013-05-03 14:36:27 Цитата / 0 / -

Аялга окшошкусу келген эркектерге Аллаhтын наалаты болсун!!!

#22 Венера
2013-05-03 15:24:05 Цитата / 0 / -

Булар "жигитке 70 өнөр аздык кылат" дегендин маанисине жете алышпайт окшойт.

#22 Венера
2013-05-03 15:24:58 Цитата / 0 / -

Корком кеңеш жаңы министр дайындалганы тартылганы маалымдалган.

#23 Vika
2013-05-03 15:49:11 Цитата / 0 / -

"Бир карын майды бир кумалак чиритет". Канчалаган жигиттин намысын дал ушул жигиттер тушуруп коет. Себеби, бул иш чара жерде калбайт, талкууга алынат. Ал эми чет элдиктер мындан ары "Кыргыз жигиттери мырза эмес, айым болуп калган" дешсе эмне дейбиз? Деги эле, сулуулар сынагын откоруунун озу туура эмес. Маданият министри "султан Раев мырза иш-чаралардын долбоорун карап чыгып, талдоого алса...

#24  
2013-05-03 16:56:32 Цитата / 0 / -

ей еркектердин намысын емне тушуруп жатасынар.

#25 Бир
2013-05-03 17:55:12 Цитата / 0 / -

тут одни кыргызбайи собрались, завидуйте молча. Ошончолук кыйын экенсинер, озунор откоруп коргулочу. Кыргызстанды ошентип артка таркыла. Все нормально было. Я лично сам сидел и все было шикарно.

#26 Адилет
2013-05-03 23:33:02 Цитата / 0 / -

Да иди ты на****

#26 Адилет
2013-05-03 23:42:34 Цитата / 0 / -

колунардан бок келбейт.....эштеке билбей..эштеке корбой...тошунорду чапкылайсынар..биздин КЫРГЫЗСТАНДА биринчи жолу укмуш сынак отту..уюштуручулалга чон рахмат...

#27 Fuu
2013-05-04 11:10:28 Цитата / 0 / -

Ochen strashno

#28 Нур
2013-05-04 13:05:31 Цитата / 0 / -

туптуура!!!

#29 kyrgyz
2013-05-04 16:04:26 Цитата / 0 / -

Sultan palvanga madanyiat emes akcha ele kerek eken.

#30 Беки баатыр
2013-05-04 16:33:17 Цитата / 0 / -

Тьфу Тьфу Тьфу Тьфу Тьфу Тьфу Тьфу еще раз Тьфу

#31 Рахатбек
2013-05-05 12:12:15 Цитата / 0 / -

Урматтуу Кыргыз деген улутту сыйлаган жарандар.

Эгер биз куйбосок кыргыз деп, эртен кыргыз улуту жок болууда деген соз анык болоору жогорудагы конкурс корсотуп турат. Биздин атка минер жетекчи сымал, бирок жетекчиликти аткара албаган, акча учун уже энесин сатып жатышат, сатканы ушул да улуттук деген ат менен эн ыплас иш аракеттерге жол бергени. Бул иш чарага макулдук берген адамдар "Эркек уулдарынын гей болуусун абдан жактырган адамдар экендигин тастыктап коюшту".

Ар бирибиз тарбия Беруучу ата - эне болобуз, мындай корунуш тарбия албаган гана уул кыздардын колунан келет, андыктан туугандар эгер Кыргызстандын келечегин жакшы болуусун кааласак, ар бирибиз тарбияга чон конул буралы.

#32 Zuma
2013-05-05 23:02:17 Цитата / 0 / -

Konkurstu korgon emesmin, katuu bir nerse aitpaim. Baary bir otuptur, jyiyntygy da chygyptyr. Al emi bil jerde "kyrgyzdarda" geiler bolgon emes degenderge tan kalam da. Kyrgyzdardyn baaryn taanyp, gei bar beken jok beken izildep chyktynar bele? Bul genetikalyk nerse, jakshy dokturlar jana okumushtuular menen suiloshup surap korsonor. Myna bul nerselerdi okup korgulo: http://www.newscientist.com/article/dn6519 jana http://www.medpagetoday.com/OBGYN/Pregnancy/3641. Taptakyp Anglizche bilnesener Google Translate (kotormo) nu koldongula. Negizi ele ech kimge syn takpash kerek, oz jakyndarynarda bolup kalyshy mumkun. But duino juzundo bolgon bular, oshol ele arab olkolorundo, tushtuk chygysh Aziyada, Afrikada, Orusiyada, Orto Aziyada da.

#32 Zuma
2013-05-05 23:15:07 Цитата / 0 / -

I voobshe prejde chem o chem-to gromko krichat' - elementarno poishite pravilnuyu informaciyu, issleduite, sprosite u teh, kto kompetenten v etom voprose. Ne nado vot etih psevdo patrioticheskiyh vykrikivanyi, esli vse takie intellektualy vyshego klassa - zaimites' delom, pokajite na sebe primer. A tak vse mogut sidet i obsujdat kogo ugodno i kak ugodno. Yazyki u mnogih k sojaleniyu razvity bolee chem polushariya. Idite luchshe inostrannye yazyki vyuchite hotya by, oturup alyp ele "kyrgyzcha suilosh kerek" dep kyikyra berbei. Anan "baldarymdy kyrgyzcha uirotom, birok oruschany dagy uironush kerek bolup kaldy" - emne 2 til bilse jamanby?Bilsin eki tilde ten, anan anglizcheni dagy uirotkulo, baldarynardyn kelechegin oilosonor jana akylynar bar bolso. Kyrgyz bolgondon kiyin bilgile Ene tilinerdi, birok unutpagyla - jalgyz gana Kyrgyz tilin bilgenden ech onukpoisunor jana ech mumkunchuluktorgo ee bolboisunar.

#1 Наргиза
2013-05-06 16:12:54 Цитата / 0 / -

бир жолу ЭЛтрге койсом, эки аскерий органдардын арасында сынак болуп жатыптыр. Мына чыныгы мырзалардын таймашы! Алар тапанча менен мылтыкты тез арада чачыратып кайра чогултуу боюнча күч сынашты, андан кийин кайсы тарап гиряны көбүрөөк көтөрөт, соңунда патриоттук духту ойготкон кыргыз ырын хор менен ырдашты (мен жетишип, көрүп калгандарым ушулар болду). Кычыраган формачан, зыңкыйып тыкан кийинген, кыйшаңдабай, шалкылдабай, чыныгы кыргыз жигиттери кандай болушу керектигин көрсөтүп жатышты. Мына ошолорго карап биздин жаш балдардын түздөнүп, ошолорду идеал тутуусун мен каалар элем.

Рыскүл Намазбекова чындап эле уюштуруу жагынан кыйын болсо керек. Болгону ага туура, нук туура багыт берүү зарыл. Мисал үчүн кийинки жылы кыргыз мырзасы деген сынакты өткөрүп, анда мырзалардын тамашалуу номеринен тышкары физикалык даярдык, интеллект, дүйнө таанымынын кеңдиги жана кыргыз тили, тарыхы каада-салтынын билгендигине көбүрөөк басым жасалса менимче эң эле сонун болмок.

#33 gulkas
2013-06-17 16:05:20 Цитата / 0 / -

Бир

тут одни кыргызбайи собрались, завидуйте молча. Ошончолук кыйын экенсинер, озунор откоруп коргулочу. Кыргызстанды ошентип артка таркыла. Все нормально было. Я лично сам сидел и все было шикарно.

Сиз урматтуу "Бир", ушундай конкурсту отуруп коргучо, кыргыз тилин уйронунуз. Кыргыз жигиттери колготки кийип, калайык калктын алдына чыгып жатышса, ооба биз куйобуз, бул эч кандай ичи таардык эмес.

#34 Mirbek, London, Imperial College
2014-01-09 21:30:45 Цитата / 0 / -

Gulkaska emes Bir degenge aytayin degem tuura emes jazip alipmin. Gulkas kechir.

#35 тансулуу
2014-12-02 10:28:23 Цитата / 0 / -

Кыргыз эли качанга чейин ушинтип жашайт экенбиз. Онолсок боло.

#36 даниел
2014-12-09 03:56:51 Цитата / 0 / -

Биринчиси ушундай болсо емкисин ойлоп атам..же уюштурган Адам гей.себеби билинип турат шоу озгочо концерт дерди жактырат екен.гейлерди кошбой еле койбоптурда маданий иш чара болгондон кийин.автор ен туура жазган гей клуб дан айырмасы жооооокк Екен.бир жолу стриптиз ге да тушушбоптур.

#37 Патриот кыз
2015-08-12 12:37:44 Цитата / 0 / -

мен бардык обьективдуу сындарды колдойм.Кыргыз эли калк ,улут катары онуккондун ордуна артка кетип баратат.Жаштар ,улуулар бардык муундар тарбияны жоготуп баратышат. Ушул конкурсту уюштурганга терен акыл же кандидаттык даражанын ээси болуштун кереги жок эле,жон эле маданияттуу ,чыныгы эркектин сапаттарын билген ,жаштардын патриоттук сезимдерин козгой турган,улуу,бийик,таза нерсеге угуттой турган теманы даназалаш кк болчу,

#37 Патриот кыз
2015-08-12 12:43:54 Цитата / 0 / -

Негизи ушундай конкурстардын откорулушуно каршымын"сулуулар" деген,андан коро интеллектуалдык конкурстар коп болсо,сулуулар конкурсуна синдим катышкан,коп убактысы,акча,эмгек ,нерв... кетет экен,жыйынтыгында уйроно тургудай деле тарбия алган жок конкурса,кыздар бири бирин жаман коруп,согушуп,урушуп да кетишти

#37 замандаш
2015-08-12 12:54:11 Цитата / 0 / -

Рыскул Намазбекова озу орусча туура суйлой албайт,бирок аябай суйлогусу келет,кыйналбай эле кыргызча суйлосо,КГУСТАда окуп жургондо сулуулар конкурсунун алпаруучусу болуп озун жакшы корсото алган эмес,акылы деле кыска экен,конкурс башталгандан буткучо орусча туура эмес суйлоп аягында урдуруп уялбай да калды,денгээли томон эле.Акылынын жеткени ушул гей конкурс болду,мен гейлерге каршы эмесмин ,ар бир адамдын оз эрки,жон эле атын конкурстун Кызтекелер деп атап койсо болмок

#38 замандаш
2015-08-12 12:59:34 Цитата / 0 / -

Бир сенин логинин да акылына жараша экен,кыргыз болбой эле койчу

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.